super.kg logo

Ысык-Көлдө 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран "Манас" аэропортунан кармалды

 

Ысык-Көлдө 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран чет өлкөгө чыгып баратканда Бишкектеги "Манас" аэропортунан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-25-июнь күндөрү облус аймагында жүргүзүлгөн "Издөө" ыкчам операциясынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 9 жаран кармалды. Андан тышкары дайынсыз жоголгон 6 жарандын жүргөн жерлери аныкталды жана мурда жасалган 5 кылмыштын бети ачылды.

"Алардын бири 2011-жылдан бери издөөдө жүргөн 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалды. Ал облустук милиция тарабынан бир катар оор кылмыштарды, анын ичинде каракчылык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана документтерди жасалмалоо үчүн изделип жүргөн. Көп жылдар бою тынымсыз издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери акыры изделип жаткан Э.А. чет өлкөнүн аймагында башка бирөөнүн фамилиясын колдонуп жашырынып жүргөнүн аныктай алышты. Бул жагдай шектүүнү өз убагында кармоого бир кыйла татаалдаштырган", - деп айтылат маалыматта.

Изделип жаткан Э.А. Кыргызстандан башка бирөөнүн аты менен кайрадан чыгып бара жатканда "Манас" аэропортунан кармалган. Учурда анын кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоо үчүн кошумча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Облустук милиция тараткан маалыматта калган 8 жаран тууралуу кеңири маалымат айтылган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: