Алайда Toyota 4Runner унаасынын мас айдоочусу милицияны сөгүп, погонун жулуп алды (видео)
Алайда жол тандабастын мас айдоочусу жол тескөөчүнүн погонун жулуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 16:00 чамасында Алай районунун Жибек-Жолу айыл аймагында кызмат өтөп жаткан жол тескөөчү Toyota 4Runner үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Бирок спирт ичимдигин ичип алган айдоочу жол тескөөчүгө баш ийбей, каршылык көрсөтүп, аны оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, формасындагы погонун жулуп алган.
"Айдоочу кармалып, бөлүмгө жеткирилген. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, айдоочу спирт ичимдигин ичкендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Ош ЖКККББ унаа айып короого токтотулганын кошумчалады.
26.06.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.