super.kg logo
  Саясат  

Вебкам-студиясын уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу мыйзамы үчүнчү окууда кабыл алынды

 

Бүгүн, 26-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында вебкам ишмердигин уюштургандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине ɵзгɵртүүлɵр кирет. Тагыраагы, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) “Атайын аянтчаны (веб-камера студиясын) пайдалануу менен интернетте онлайн сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу жана жайылтуу” деген пункт менен толуктоо сунушталууда.

Эми мыйзамга президент кол койсо, вебкам-студиясын уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мыйзам долбоорун вице-спикер Нурбек Азыгалиев баштаган 12 депутат демилгелеп, иштеп чыккан.

Документте вебкам бизнеси менен алектенгендерди 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу каралган. Мындай жосунду адамдар тобу уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен 300 миң сомго чейин айып салынат, же 5 жылга чейин кесилет. Уюшкан кылмыштуу топ уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга чейин соттолот. Ал эми вебкам кыздарга 10 миң сом айып пул салынышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: