super.kg logo
  Саясат  

Электрондук тамеки тарткандарга айып пул салынат. Мыйзам Жогорку Кеңеште колдоо тапты

 

Бүгүн, 26-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында электрондук тамеки чегүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун Шайырбек Ташиев баштаган депутаттар демилгелеген. Эми мыйзамга президент кол койсо, электрондук тамеки тарткан жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат.

Электрондук чылым саткан жеке жактарга 50 миң сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат. Ал эми ташып келгендер 150 миң сомдон 200 миң сомго чейинки айыпка жыгылат, же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Белгилей кетсек, алгач мыйзам долбоорунда электрондук тамеки тарткандарга 40 миң сом айып пул салуу сунушталган. Документ комитетте каралып жатканда депутат Эльвира Сурабалдиева электрондук чылым чеккендерге салынуучу 40 миң сом айып көп экенин айтып, төмөндөтүүнү сунуштаган. Натыйжада анын сунушу кабыл алынып, айып пулдун өлчөмү 40 миң сомдон, 10 миң сомго азайтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: