Лазат Нуркожоеванын жигити тик учакты канча сомго ижарага алганы белгилүү болду

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган жаран 21-июнда министрлик менен тик учакта 1 саат учуу үчүн келишим түзгөн.
"Акысы төлөнгөн соң 24-июнь күнү 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Сабырбеков Афтандил 157 миң 662 сом төлөгөн. Учуу убактысы мүнөт, секунддарына чейин тик учакта сакталат", - деп билдиришти министрликтен.
25-июнда Лазат Нуркожоеванын жигити тик учак менен сүйгөнүнүн колун сураган видео социалдык тармактарга тараган. Бул коомчулуктун сынына кабылып, айрымдары аша чапкандык экенин айтышкан.
Бүгүн президент Садыр Жапаров болочок күйөө баласы жаштык кылганын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.