super.kg logo
  Саясат  

Япония Баткендеги жолдорду жакшыртуу үчүн акысыз жол курулуш техникаларын берет

 

"Баткен облусунун автомобиль жолдорун жана жол катмарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу" гранттык долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен TOYOTA TSUSHO CORPORATION компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, кол коюу аземи Токио шаарында өтүп, транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариев баштаган министрликтин өкүлдөрү катышты.

"Япон эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан кайтарымсыз негизде каржылана турган бул долбоор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорттук логистиканы жакшыртуу, Баткен облусундагы автомобиль жолдорун жана жол төшөлмөсүн, ошондой эле эл аралык маанидеги магистралдарды тейлөө үчүн жол-курулуш техникаларын колдонуу менен калыбына келтирүү жана реабилитациялык иштерди жүргүзүү потенциалын күчөтүү максатын көздөйт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында 2025-жылы Кыргызстанга заманбап жол курулуш техникалары (48 даана), анын ичинде асфальтобетон заводу жана таш майдалоочу жабдуу берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: