super.kg logo
  Саясат  

Кадырбеков мамлекеттик кызматкерлерге да телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады

 

“Уюлдук телефондорду мектептерде гана колдонууга тыюу салбастан, кеңселерде да чектөө киргизишибиз керек”. Мындай пикирин бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, кээ бир кызматкерлер жумуш убактысында өз милдетин аткарбай, телефондо оюн ойношот.

“Бул алардын натыйжасыз иштөөсүнө алып келет. Мындай кызматкерлерди каалаган мекемеден, министрликтен, ведомстводон табасыз. Мисалы, Жапонияда жубайлар жумуш убагында чалып, билдирүүлөр менен бири-бирин тынчын албайт”, - деп белгиледи Кадырбеков.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Жалпы билим берүүчү уюмда мобилдүү түзүлүштү пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапкан.

Депутат Нурланбек Азыгалиев баштаган эл өкүлдөрү мыйзам долбоору мобилдүү түзүлүштɵрдүн тенденция, академиялык ишке жɵндɵмдүүлүктүн тɵмɵндɵшү жана кибербуллинг чɵйрɵсүндɵгү тобокелдиктер сыяктуу кесепеттеринен балдарды жана ɵспүрүмдɵрдү коргоо иретинде демилгеленип жаткандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: