Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевди Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна шайлады
Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды.
Анын талапкерлигине 75 депутат “макул” болсо, каршы добуш бергендер болгон жок.
Тургунбаев бүгүн жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулган болчу. Ал аталган министрликти 2023-жылдын март айынан бери жетектеп келген.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кезексиз жыйынга чогулуп, Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин карап, жактырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

