ИИМ кыргыз жараны кулчулукта жүрөт делген маалымат боюнча билдирүү таратты
Ички иштер министрлиги интернетте тараган кыргыз жаранынын эмгек кулчулугунда жүргөндүгү тууралуу маалымат боюнча билдирүү таратты.
Ага ылайык, 21-июнда социалдык тармактарда Казакстандын аймагында көптөн бери эмгек кулчулугунда жүрөм деген Максат Эсенбаев тууралуу маалымат жарыяланган. Анда аталган жаран жумуш издеп Казакстанга барып, физикалык зомбулукка кабылганы айтылган.
Такталгандай, М.У. аттуу кыргыз жараны кайрылган. Ал Максат Эсенбаев деп тааныштырган адам анын Нарында туулган И.М. аттуу бир тууган иниси экендиги жана соцтармактарда жарыяланган маалымат чындыкка дал келбестигин айткан. Аталган жаран спирт ичимдиктерин көп ичип, өзүн эмгек кулчулугунун курмандыгы катары көрсөтүп, элди адаштырып жүргөнүн билдирген.
"Ошондой эле 37 жаштагы И.М. бир нече жолу Кыргызстанга кайтып келип, үйүнөн кайра качып кетип жүргөнүн айтып берди", - деп билдиришти министрликтен.
Белгилей кетсек, учурда Казакстандын укук коргоо органдары менен биргеликте И.М. аттуу жарандын жүргөн жерин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

