Эски ID-картты качан жана кайдан алмаштырса болот? Министрлик жооп берет
Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлиги AN сериясындагы 2004-жылкы үлгүдөгү ID-картын 2024-жылкы жаңы үлгүдөгү ID-картка алмаштыруу боюнча улуттук кампания башталганын билдирген. Мындан улам ведомство жарандар тарабынан көп берилген суроолорго жооп берди.
Белгилей кетсек, 2004-жылкы сары түстөгү AN үлгүсүндөгү ID-карттарды гана алмашууга мүмкүн. 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттар алмаштырууну талап кылбайт.
— ID-карттын мөөнөтү бүтө элек болсо, аны алмаштыруу керекпи?
— Алмаштыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Бирок документтин коопсуздугун жогорулатуу, маалыматтардын актуалдуулугун камсыздоо жана сиздин паспортуңузду эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыздоо үчүн документти алмаштырууну сунуштайбыз.
— Жаңы ID-карт үчүн кандай документтер керектелет?
— 16 жашка толгондо:
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк/көчүрмөсү. Жарандыгын тастыктоо үчүн ата-энесинин/камкорчусунун паспорту.
Эски ID-карттын алмаштыруу үчүн:
AN сериясындагы 2004-жылкы үлгүдөгү сары түстөгү ID-карты.
ID-карт жоголгон учурда:
Жаңы ID-карт алуу үчүн арыз.
— ID-картты качан жана кайдан алмаштырса болот?
— Акция ушул жылдын 1-июлунан 31-августка чейин акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Калкты каттоо департаментинин жергиликтүү бөлүмдөрүнө, Калкты тейлөө борборлоруна же чет өлкөлүк мекемелерге кайрылса болот.
— 2017-жылкы биометрикалык ID-карттарды өзгөртүү керекпи?
— Жок, алар эл аралык стандарттарга жооп берет жана жогорку деңгээлде корголгон.
Эске салсак, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров жакында ID-карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүрө турганын билдирген.

