super.kg logo

Астана соту Бишимбаевдин доо арызын канааттандырган жок

 

Бүгүн, 26-июнда Астана сотунда келинчеги Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп 24 жылга эркинен ажыратылган Куандык Бишимбаев менен анын тууганы Бахытжан Байжановдун апелляциялык арызы каралды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, соттук коллегия Бишимбаев жана Байжановдун доо арызын карап, канааттандырган жок.

Ал эми Бишимбаевдин жактоочусу Назкен Кусаинова жогорку инстанцияга кайрыларын билдиргенин Tengrinews.kz. басылмасы жазды.

Буга чейин Куандык Бишимбаев менен анын тууганы Байжановдун апелляциялык арызы 26-июнда караларын Астана соту билдирген.

Эскерте кетсек, 31 жаштагы Салтанат Нукенованын жансыз денеси 2023-жылдын 9-ноябрында Астана шаарындагы "BAU" ресторанында табылган. Аны сабап өлтүрүүгө шектелип күйөөсү, мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалган. Ага Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 110-беренеси (Кыйноо), 99-беренеси (Өтө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) жана 14-беренеси (Өтө оор кылмыштын кайталанышы) боюнча айып тагылган.

Ага байланыштуу 13-майда Куандык Бишимбаев келинчеги Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп айыпталып, 24 жылга эркинен ажыратылган. Сот мурдагы аткаминер жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт деп чечим чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: