Жапон премьер-министри Казакстанда Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери менен жолугат
Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида август айында Казакстанга барат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, министрлер кабинетинин башкы катчысы Йосимаса Хаяши премьер-министр Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери менен саммитке катыша турганын билдирди.
"Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу азыр мыйзам үстөмдүгүнө негизделген эркин жана ачык эл аралык эрежелерди сактоо жана бекемдөө үчүн болуп көрбөгөндөй маанилүү", - деп билдирген ал өз сөзүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.