"Евро-2024": Чехия менен Түркиянын футболчулары 18 айып кагазын алышып, рекорд коюшту
Футбол боюнча Европа чемпиондугунун тайпалык баскычындагы Түркия-Чехия беттешинде калыс футболчуларга 18 айып кагазын көрсөттү.
Бүгүн, 27-июнга караган түнү өткөн оюнда эки өлкөнүн футболчулары жалпы 18 айып кагазын алышты. Алардын ичинен экөө кызыл айып кагазы. Бул Европа чемпиондугунун тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.
Оюндагы эки кызыл айып кагазын тең чехиялыктар алды. Тагыраагы, чех футболчусу Антонин Барак экинчи жолу эреже бузгандан кийин оюндан четтетилди.
Оюн аяктагандан кийин дагы калыс чехиялык футболчу Томаш Хорыйга кызыл айып кагазын көрсөттү.
Оюн 2:1 эсебинде Түркиянын жеңиши менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.