Орусияда рельстен чыгып кеткен поезд кырсыгынан бир адам каза болду
Комиде оодарылып кеткен поезддин вагонунун астынан бир адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда жергиликтүү басылмалар жазышты.
Адамдын жансыз денеси кырсыктын кесепеттерин жоюу учурунда табылганын тергөө комитети билдирди.
Буга чейин кырсыктан 70 адам жабыркап, каза болгондор жок экендиги айтылган болчу.
Белгилей кетсек, кечээ, 26-июнда Москва убактысы боюнча саат 18:12 чамасында Түндүк темир жолунун Инта-1 – Угольный участогунда №511 Воркута – Новороссийск жүргүнчү поездинин тогуз вагону рельстен чыгып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.