super.kg logo
  Спорт  

Талаштуу түрдө жеңилген атактуу балбан Чамизо кайра Олимпиадага бармай болду

 

Атактуу италиялык Франк Чамизо баштаган 6 балбан орусиялык жана беларустук балбандардын ордуна Олимпиадага барышат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Эл аралык Олимпиада комитети саясий себептерден улам орусиялык жана беларустук балбандарга Олимпиадага уруксат берген эмес. Эми алардын ордуна кайсы балбандар Олимпиадага катышары белгилүү болду.

Жыйынтыгында калыстын катасынан улам чуулуу түрдө лицензия ала албай калган италиялык Франк Чамизо Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына бара алат.

UWW дисквалификацияланган Орусия жана Беларусь балбандарынын ордуна лицензия үчүн күрөштө утулуп калгандарды жиберүүнү чечкен. Алардын лицензиясы европалык балбандарга гана берилет.

Жыйынтыгында Олимпиадалык лицензияны төмөндөгүлөр ала алышат: Эркин күрөш: 57 килограмм: Владимир Егоров (Түндүк Македония) - Европалык квалификацияда Арыйан Тютриндин ордуна.

74 килограмм: Франк Чамизо (Италия) - Европалык квалификацияда Магомедхабиб Каджимагомедовдун ордуна.

97 килограмм: Илья Арчая (Украина) - Европалык квалификацияда Алихан Жабраилов же Абдулрашид Садулаевдин ордуна.

125 кг: Роберт Баран (Польша) - Европалык квалификацияда Денис Храменковдун ордуна.

Грек-рим күрөшү: 60 килограмм: Разван Арнаут (Румыния) - Дүйнөлүк квалификацияда Садык Лалаевдин ордуна.

77 килограмм: Юрий Ломадзе (Грузия) - Дүйнөлүк квалификацияда Сергей Кутузовдун ордуна.

87 килограмм: Турпал Бисултанов (Дания) - Европалык квалификацияда Милад Ализраевдин ордуна.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: