super.kg logo
  Саясат  

"Анталиядагы бааларды коюп алышкан, бирок тейлөө ошондойбу?" Депутат Ысык-Көлдөгү бааларга нааразы болду

 

Бүгүн, 27-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандагы туризм тармагынын абалына нааразы болду.

Эл өкүлү өлкөгө миллиондогон туристтер келип жатканын белгилеп, эс алуучу жайларга бара турган жолдордун абалын сынга алды. Ошондой эле ал жергиликтүү калк туристтерге сый мамиле кылганды да билбей жатканына кейиди.

"Чет жактарда туристтерге аябай жакшы мамиле кылышат. Анткени алар акча алып келет, өлкөнүн имиджин калыптандырат. А бизде жок дегенде жылмайганды билбейбиз. Ысык-Көлгө барсаңыздар, Дубай менен Анталиядагы бааларды коюп алышкан, бирок тейлөө ошондойбу? Чет жакка барсаң күн сайын шейшеп, сүлгүдөн бери алмаштырат, жууп-тазалап турат. А бизде олчойгон акчаңды аларда бир келет, кетип жатканыңда бир келет. Чачылганы чачылган, ачылганы ачылган. Ушундай да кызмат көрсөтчү беле?", - деди Кадырбеков.

Мындан сырткары ал туристтерге беш жылдыздуу мейманканадан мурда жылмаюу менен жылуу мамиле керек экенин кошумчалады.






Жогорку Кеңеш 27.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: