Түндүк Корея таштанды толтурулган шарларды кайрадан Түштүк Кореяга карай учурду
27-июнга караган түнү Корей Эл-Демократиялык Республикасы Түштүк Кореяга таштанды салынган 180ден ашык шар жөнөткөнүн чет элдик басылмалар штаб башчылардын бириккен комитетине таянуу менен билдирди. Бул бир жумада катары менен төртүнчү ирет таштанды шарларын учуруу болду.
Маалымдалгандай, 70ке жакын шар Сеулга жана борбордун айланасындагы түндүк Кёнги провинциясына конду. Таштандылардан алынган анализдердин жыйынтыгы зыяндуу заттар жок экендигин көрсөткөн.
Белгилей кетсек, 24-25-26-июнда Пхеньян Түштүк Кореяга таштанды салынган шарларды жөнөткөн. 26-июнда шар чабуулунан улам ички жана эл аралык каттамдар үч саатка жакын токтотулган. 27-июндагы таштанды учурууну эсепке алганда май айынын аягынан бери жетинчи ирет катталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.