super.kg logo
  Саясат  

Депутат Масалиев кесиптештерин башкалардын "оозун жабууга" ашыкпоого чакырды

 

Бүгүн, 27-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев парламентте мыйзам, токтомдор талкууланбай эле өтүп жатканын сынга алды.

Эл өкүлү кесиптештерине кайрылып, өзүнүн бере турган суроосу жок болсо эле, башкалардын да "оозун жабууга" ашыкпоого чакырды.

“Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин 2-3 эле функциясы бар. Анын ичинде Улуттук банктын төрагасынын маалыматын, отчётун угуу. Мурда Жогорку соттун да төрагасынын отчёту угулчу эле, кийин аны да алып таштады. Ошентип парламенттин укуктары азайып баратат. Кимде суроосу жок болсо суроо берүүгө жазылбай эле койсо болот. Бирок калган депутаттардын оозун жапкан адатты токтотпосо болбой калды. Жок дегенде фракциядан бирден-экиден киши суроо бербейбизби. Анда эмне айлыкты жөн эле алабызбы?", - деди ал.

Масалиевдин нааразы болгонуна кесиптеши Элдар Сулаймановдун сунушу себеп болду. Жыйында Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы 2023-жылдагы иши жөнүндө депутаттарга отчёт берип жаткан. Сулайманов Улуттук банктын былтыр аткарган иши парламенттин тиешелүү комитетинде жакшы талкууланганын жана Мелис Тургунбаев бул кызматка жаңы эле келгенин эске алып, отчётун талкуусуз эле добушка коюуну сунуштады. Жыйынтыгында анын демилгеси колдоо таап, отчёт жактырылды.

Белгилей кетсек, Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгына кечээ эле шайланган.






Жогорку Кеңеш 27.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: