super.kg logo

Ошто экстремисттик уюмдун мүчөлөрү жашыруун чогулуш өткөрүп жаткан жеринен кармалышты (видео)

 

Өлкөдө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 30га жакын лидерлери жана активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ош ШИИББинен тастыктады.

Маалыматка ылайык, алар Ош шаарында жашыруун жыйналыш өткөрүү учурунда кармалышкан. Ошондой эле милиция тарабынан кармалгандардын үйү тинтүүгө алынган. Натыйжада диний-экстремисттик уюмуна таандык болгон китептер, баракчалар, электрондук жабдыктар жана мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылган.

"1 даана ок атуучу курал, 46 даана патрон, 1 даана гильза, 1 даана кобура, 3 даана ок дары жасоочу жабдыктар", - деп айтылат маалыматта.

Тергөөдө 16 жарандын үстүнөн кылмыш иши козголуп, анын ичинен 14 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Ал эми 5 шектүүнүн үстүнөн кошумча тергөө иштери жүрүүдө.






27.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: