super.kg logo
  Саясат  

"Эс-учун жоготуп жатышат". Депутат Бишкектеги автобустарда кондиционер жок экенин сындады

 

Бүгүн, 27-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы чет өлкөдөн алынып келген автобустарда кондиционердин жоктугуна нааразы болду.

Ал бул боюнча шаар тургундарынан даттануулар түшүп жатканын белгилеп, кийинки алына турчу автобустарда кетирилген катачылыктардын эске алынышын талап кылды.

"Азыркы күндүн ысыгында коомдук транспортто эс-учун жоготкондор көбөйүп жатат. Негизи мамлекетке бир нерсе алардын алдында техникалык тапшырма жазылат. Анын негизинде анан тендер же грант менен алынып келинет. Бирок кандайдыр бир себептер менен келген автобустарда кондиционер жок экен. Мэрия дагы автобус алат деген маалыматтар болуп жатат. Кийинкисинде сөзсүз кондиционер болушу керек", - деди Исатбек кызы.

Ошондой эле депутат айым алынып калган автобустарга техникалык тапшырма жазган кызматкерлерди отургузуу керектигин айтты.

"Чак түштө күндүн ысыгында автобуска отургузуп көрөлү. Карапайым элдин кандай кыйналып жатканын көрүшсүн", - деди ал.






Жогорку Кеңеш 27.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: