super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акаев "Яндекс таксинин" тейлөө комиссиясын 7 пайызга түшүрүүнү талап кылды

 

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Яндекс таксинин" тейлөө комиссиясын 7 пайызга чейин кыскартууну сунуштады.

Эл өкүлү "Яндекс такси" Кыргызстанда монополистпи деп суроо салды. Ага Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев бүгүнкү күндө "Яндекс такси" монополист экенин билдирди.

"Биз аларды монополисттердин реестрине жакында эле киргиздик, анткени былтыр гана Кыргызстанда катталган. Азыр алар бул чечимге макул болбой, сотко доо арыз менен кайрылышкан", - деди Мамыралиев.

Акаев "Яндекс таксиде" Кыргызстандын 20 миңден ашуун жараны иштеп жатканын белгиледи.

"Алардын көпчүлүгү унааны ижарага алышат. Башында канча пайыз менен киргенин билесиз, азыр болсо 20 пайызга жакындады. Ар бир буюртмадан "Яндекс такси" 18 пайыз алып коюп жатат. Мамлекетке төлөгөн салыгы да абдан аз. Акчанын баары Орусия менен Казакстанга чыгып кетүүдө. Ата мекендик компаниялар аларга туруштук бере албай жатат. Эмне үчүн биздин миңдеген жарандарыбызыдын кызыкчылыгын коргобойсуңар? "Яндекстин" комиссиясынын пайызын Казакстан түшүрдү. 10 пайыз дагы көптүк кылат, бизде да 7 пайызга чейин түшүрүш керек", - деди эл өкүлү.

Мамыралиев “Яндекс таксинин” бул аракеттеринен кабардар экенин жана алар менен соттук териштирүүлөр аяктаары замат бул маселе чечиле турганын айтты.






Жогорку Кеңеш 27.06.24

Жогорку Кеңеш 27.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: