super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Кыргызстанда уран казууга уруксат берген мыйзамга кол койду

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, Жер казынасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, өлкөдө уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготту деп табылды.

Анын максаты экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, өлкө үчүн стратегиялык маанилүү ресурстарды пайдалануу жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү экени белгиленген.

Бул мыйзам 13-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жыйында жалпы 84 депутат каттоодон өтсө, алардын ичинен 70 депутат "макул", 8 эл өкүлү "каршы" добуш берген.

Эске салсак, бул тууралуу мыйзам долбоорду Экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 27-февралдан тарта коомдук талкууга чыгарган.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчысы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

2019-жылдын жазында Кыргызстандагы "ЮрАзия" деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразычылык чыккан. Андан соң ошол эле жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: