Абитуриенттер Орусиядагы университеттерге тапшыра алышат
Бишкекте Орусиянын Омск, Томск, Новосибирск облустарындагы университеттердин көчмө комиссиясы абитуриенттерге маалымат берет. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.
Ага ылайык, көрсөтүлгөн датада төмөнкү ЖОЖдор тууралуу маалымат берилет:
26-июндан 1-июлга чейин Томск облусундагы Сибирь мамлекеттик медициналык университети, Томск мамлекеттик университети, Томск политехникалык жана Томск мамлекеттик архитектура-курулуш университети;
29-июндан 3-июлга чейин Омск мамлекеттик техникалык университети, Омск мамлекеттик медициналык университети, Омск мамлекеттик транспорт жана темир жолу университети жана Новосибирск облусундагы Сибирь мамлекеттик транспорт жана темир жол университети.
Буга чейин документтерин онлайн форматта сайттар аркылуу жөнөткөндөр үчүн ЖОЖдордун өкүлдөрү 26-июндан 3-июлга чейин Бишкектеги К.Баялинов атындагы Республикалык китепканасында кирүү сынактарын өткөрүшөт.
"ЖОЖдор тапшырган абитуриенттерди жатакана менен камсыз кылууга, студенттердин миграциялык документтери менен байланышкан маселелерди чечүүгө жана мыкты студенттерге стипендия берүүгө даяр", - деп жазылат маалыматта.
Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу июль айында Бишкекте көчмө кабыл алуу комиссиясы Орусиянын өкмөтү тарабынан кыргыз жарандарына бөлүнгөн бюджеттик орундарга тапшыруу үчүн бүтүрүүчүлөрдүн документтерин кабыл ала турганын билдирди.

