super.kg logo
  Саясат  

 Нурланбек Шакиев ЕККУнун төрагасы менен жолугушту

 

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) төрагасы, Мальтанын тышкы иштер, европалык иштер жана соода министри Иан Борч менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу сөз болуп, кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы сунуш-пикирлер талкууланды.

Шакиев Кыргызстан ЕККУ менен калыптанган байланыштарды өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар экендигин белгиледи. Муну менен катар төрага сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо жаатындагы абал тууралуу кеп кылып, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу жана жеке адамдын аброюна шек келтирбөө сыяктуу принциптерди сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Ошондой эле ал кыргыз парламенти менен ЕККУнун ортосундагы алакалар боюнча да пикирин билдирип, Жогорку Кеңештин депутаттары ЕККУнун Парламенттик ассаблеясынын иш-чараларына активдүү катышып келе жатканын эске салды.

Өз кезегинде Иан Борч ЕККУ да Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экендигин айтып, мамлекеттик чек араны тактоо жаатындагы жасалып жаткан иштерди колдой тургандыгын кошумчалады.

Муну менен катар жолугушууда тараптар гендердик теңчилик, адам укугун коргоо жана сөз эркиндигин камсыздоо жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: