super.kg logo
  Саясат  

Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары аяктады. Талкууланган маселелер

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Үрүмчү, Хами шаарларына болгон жумуш сапары аяктады.

Анын алкагында Жапаров Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ошондой эле ал Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуп, үч инфраструктуралык долбоор тууралуу баарлашты.

Жапаров “Кытай-Евразия ЭКСПО” 8-эл аралык көргөзмөсүнө да катышты. Анда ал Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу айтып берди.

“Кытай-Евразия ЭКСПО” жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 40тан ашуун эки тараптуу документке кол коюлду. Сапардын алкагында Үрүмчүдө кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды.

Мындан тышкары Жапаров СУАРдын Хами шаарына барып “Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd” компаниясынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышкан. Андан соң ал Кыргызстан аймагында титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык заводду курууну сүйлөштү.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Жапаровдун аталган өлкөдөгү иш сапары 25-июнда башталып, 27-июнга чейин созулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: