super.kg logo

Жайылда 6 баланын өмүрүн алган кырсык: Айдоочу эки айга камалды

 

Чүйдүн Жайыл районунда 6 баланын өмүр алган кырсыкка шектүү эки айга камалды. Маалыматты бүгүн, 27-июнда Жогорку соттон тастыкташты.

Жайыл райондук сотунун 21-июндагы токтомуна ылайык, шектүү 19-августка чейин камакка алынды.

Белгилей кетсек, 20-июнда Кара-Балтанын 40 жаштагы тургуну мас абалда унаасы менен каналга оодарылып, андагы 6 бала чөгүп каза болгону кабарланган. Чүй милициясы окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берген.

Окуянын чоо-жайы:

Кара-Балтанын 40 жаштагы Г.Т. тургуну Фольксваген Жетта үлгүсүндөгү унаасы менен жубайын, төрт баласын, балдызын, анын төрт баласын алып сууга түшүүгө барышкан. Ал жерден Г.Т. спирт ичимдигин ичип, саат 18:30 чамасында мас абалында унаасы менен бурулуп жатып, дөңсөөдөн оодарылып, жүргүнчүлөрү менен бирге сууга түшүп кеткен. Унаадан айдоочу Г.Т., келинчеги ымыркайы, балдызы жана анын 7 жаштагы кызы чыкканга жетишкен. Ал эми калган алты жашы жете элек бала көлмөгө чөгүп, каза болушкан.

Аталган факты боюнча Кылымыш-жаза кодексинин 312-беренеси менен кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: