Байтик баатыр көчөсүнүн оңдоо иштери кайсы этапка келди? Мэриянын жообу




Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу кечээ, 27-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 2 катмар асфальт-бетон төшөлүп, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилери орнотулуп жатат.
Ал эми Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, аялдама комплексин куруу иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Скрябин көчөсүнө чейин жол чийиндерин чийүү боюнча жумуштар башталууда.
"Медеров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө телефон зымдары үчүн каналды жана аялдама орнотуу иштери жүрүп жатат.
Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкеде бордюрлар орнотулууда, ал эми Бөкөнбаев көчөсүнө жакын тилкеде жер жумуштары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

