Дагестанда жок кылынган согушкерлердин дагы бир шериги кармалды
Махачкала жана Дербентте согушкерлерге теракт уюштурууга жардам берген деген шек менен бир жаран кармалганын республиканын Жогорку сотунун басма сөз кызматынын жетекчиси Зарема Мамаева РИА Новостиге билдирди.
"Такталган материалды карап чыгып, Махачкаланын Совет райондук соту айыпталуучуну бир ай 28 суткага, башкача айтканда 23-августка чейин камакта кармоо чечимин кабыл алды", - деди ал.
Эске салсак, 23-июнда куралдуу адамдар Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөөгө жана синагогага, ошондой эле Махачкаладагы МАИ постуна кол салышкан. Атышуудан 25 адам каза болгондугу айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.