super.kg logo

Таиландда министрдин мурдагы орун басары өлүм жазасына кесилди

 

Таиландда соода министринин мурдагы орун басары Банин Тхангпакорн өлүм жазасына кесилди. Ал бул өкүмгө макул болбой Жогорку сотко даттанып, бирок Жогорку сот өкүмдү өзгөртүүсүз калтырганын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайы, Тангпакорн 2015-жылы курулуш бизнесмени Чувонг Саетангды өлтүргөн деп өлүм жазасына кесилген.

Бизнесмен каза болгон күнү Сатенг Тангпакорн айдаган машинада бара жаткан. Унаа даракты сүзүп, ишкер каза болгон. Андан кийин Тангпакорн ишти кокустук катары көрсөтүүгө аракет кылган, бирок тергөө кырсыктын алдын ала пландалган киши өлтүрүү экенин далилдей алган.

2021-жылы сот соода министринин мурдагы орун басарын өлүм жазасына кескен. Бирок соттолгон адам өкүм боюнча аппеляциялык арыз менен кайрылган. 2022-жылы апелляциялык сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Мындан кийин Тангпакорн Жогорку сотко кайрылган, бирок бул жерде да алар жазаны кыскартууга макул болгон эмес. 26-июнда Жогорку сот өлүм жазасын күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: