super.kg logo

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Роман Шин каза болду

 

Кечээ, 27-июнда саясатчы жана ишкер Роман Шин каза болду. Бул тууралуу анын баласы Сергей Шин социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал терең кайгыруу менен атасынын каза болгондугун айтты.

"Кымбаттуу достор, атам Роман Александрович Шин бул дүйнөдөн өттү. Атам биз үчүн, туугандары үчүн жана достору үчүн ак кызматын кылган. Атам ар дайым биздин жүрөгүбүздө жана эсибизде сакталып калат", - деп жазган ал өзүнүн социалдык баракчасына.

Роман Шин 1948-жылы туулган. Физикалык жабдууларды чыгаруучу заводдо иштеп, кийинчерээк ишкерлик менен алектене баштаган.

2005-2012-жылдары ар кайсы саясий партиялардан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Айрым маалымат каражаттары боюнча Шин Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кирген.

SUPER.KG порталынын жааматы Роман Шиндин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: