Футбол: Кыргызстандын чемпионатында алгачкы жолу VAR колдонулат
Эртең, 29-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Кыргыз Премьер-Лигасынын алкагында «Мурас Юнайтед» жана «Дордой» клубдарынын беттеши орун алмакчы.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, аталган оюнда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу калыстарга видео жардам системасы (VAR) колдонулат. Беттешти өзбекстандык адис Темурбек Тухтасинов жетектейт. Башкы калыска каптал сызыктарда ата мекендик адистер – Хусан Жалалдинов жана Сергей Грищенко жардам беришет.
Кыргыз футбол биримдиги буга чейин өлкөдөгү биринчи VAR-системасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.