Кол чатырды унутпаңыз! Өлкөдө 2-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт
Өлкө аймагында 29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, ӨКМ селди алдын алуу максатында бир катар эрежелер менен бөлүштү:
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.