super.kg logo

11 журналисттин соттук отуруму күбөлөр келбей, 5-июлга жылдырылды

 

Бүгүн, 28-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум уланды. Анда күбөлөр суралып жатат.

Бүгүн күбөлөрдүн бири көрсөтмө берди. Дагы бири дарыланганы чет өлкөгө кеткени маалым болду. Мындан улам соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Кийнки отурум 5-июлда 09:30да боло тургандыгы айтылды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-январынын таңында кармалган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү Ички иштер министрлигине суракка жеткирилгени белгилүү болгон.

Ушул эле күнү ИИМ расмий билдирүү таратып, суракка алынып келинген 11 журналисттин баары 48 саатка камакка алынганын кабарлаган болчу. Министрлик "Айт, айт десе" Ютуб каналынын жана "Темиров LIVE” медиасынын кызматкерлерине массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

12-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган 11 журналисттин баш коргоо чарасы каралып, анда Махабат Тажибек кызы менен кошо дагы сегиз журналист 13-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалышкан. Кийинчерээк сот алардын айрымдарын үй камагына чыгарып, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: