Дарыгерлер аптаптуу ысыктан сактануу эрежелерин айтты
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, азыркы тапта Кыргызстандын айрым аймактарында абанын температурасы +38 градуска чейин ысып жатат. Буга байланыштуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо кызматы аптаптуу ысыктан сактануу эрежелери менен бөлүштү.
Күндүн аптаптуу ысыгынан кантип сактануу керек?
Табигый материалдардан жасалган, тердин чыгышына жолтоо болбой турган: зыгыр буласынан, кебезден, жибектен жасалган жеңил кийимдерди кийүү;
- Ачык түстөгү баш кийимсиз сейилдөөгө болбойт;
- Бетиңизди жана башыңызды муздак суу менен чайкап, кол чатыр менен коргонсоңуз болот;
- Бат-бат таза суу ичип туруңуз. Ар кандай спирт ичимдиктеринен баш тартыңыз;
- Күнгө чыккан убактыңызды кыскартууга аракет кылыңыз (саат 11ден - 16га чейин). Бул убакта сыртка чыгуу зарыл болсо, көлөкөдө болууга аракет кылыңыз;
- Мүмкүн болсо, коомдук транспортко түшпөгөнгө аракет кылыңыз. Эгер бул мүмкүн эмес болсо, анда жүргүнчүлөр азын тандаңыз;
- Унаада жүргөндө денеңиздин ачык жерлерин нымдуу кол аарчы (салфетка) менен сүртүп, суу ичип туруңуз.
Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлиги аптаптуу ысыктын адамга тийгизген терс таасирлери тууралуу дагы эске салды. Белгиленгендей, ысык уруу - дененин ысып кетишинен пайда болуучу курч абал. Дем кыстыктырган жабык бөлмөдө же тыгында калган унаада пайда болушу мүмкүн.
Күн өтүп кетүү - жылуулуктун таасиринин бир түрү. Ысык уруудан айырмаланып, күн өтүү күндүн нуруна көпкө туруудан жана башка күн нурунун түздөн-түз тийүүсүүнөн улам пайда болот.
Дарыгерлер ысык уруу жана күн өтүү белгилерин үч даражага бөлүшөт. Үчүнчү даражада адам жөөлүп, көзүнө ар нерсе көрүнүп, талып же эсин жоготушу мүмкүн. Мындай абалдагы бейтап өлүмгө да дуушар болушу мүмкүн. Ал тез арада медициналык жардамга муктаж.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.