Сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактардын тизмеси жарыяланды
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 29-июндан 2-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Анда нөшөрлүү жаан жаашы, айрым аймактарда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүндүгү айтылат.
Бүгүн, 28-июнда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул убакыт аралыгында сел жүрүү коркунучу мүмкүн болгон аймактардын тизмесин жарыя кылды:
Жалал-Абад облусу: Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондору;
- Баткен облусу: Лейлек жана Кадамжай району;
- Ош облусу: Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондору.
- Чүй облусу: Кемин, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондору.
- Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Тоң жана Түп райондору.
- Талас облусу: Талас, Бакай-Ата району.
- Нарын облусу: Нарын, Жумгал району.
ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.