super.kg logo

ИИМдин орун басары туристтик мезгил учурундагы даярдыкты текшерди

 

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов бүгүн, 28-июнда туристтик мезгилге карата Чүй облусунун аймагындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн, алардын облустун аймагындагы райондук ички иштер бөлүмдөрү менен биргелешкен иш-мерчемдерин, атайын техникалык каражаттарын текшерүүгө алды.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, Урмамбетов жолдогу кызмат өтөп жаткан кызматкерлердин ылдамдыкты өлчөөчү радарларды текшерүү учурунда айдоочулар менен жеке маектешип, ылдамдыкты сактап, карама-каршы тилкеге чыкпай, коопсуздук курун милдеттүү түрдө тагынуу керектигин эскертип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жаткан кызматкерлерине да бир топ тапшырмаларды берди.

Айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин күчөтүп, чет жактан келген туристтер жана эс алуучуларга атайын даярдалган маалыматтык буклеттерди таратып, сылык мамиле жасап, эскертүүлөр берилиши керектигин белгиледи.

Санариптештирүүнүн алкагында ылдамдыкты өлчөөчү аппараттар, боди камера, “Авто-ураган” аппараттык программалык комплекстерди колдонууда аяр мамиле жасап, аларды колдон келишинче көбөйтүү керектигин айтты. Жол кырсыктарына кооптуу аймактарды талдап, ошол жерде жол кайгуулдарын көбөйтүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле жол кырсыктарын болтурбоо максатында алдын алуу иштерин, анын ичинде айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин көбөйтүп, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу дагы тынымсыз эскертүүлөрдү жана маалыматтарды чагылдырып турууну, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан талап кылды.

Жетекчилерге өздүк курамды дайыма текшерип, алар билим деңгээлин жогорулатуу үстүндө талыкпай иштеп, жогорку маданияттуу жана кесипкөй болуусу керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: