Аксыда шамал 17 турак жайдын чатырын учуруп кетти




Аксы районунда шамал 17 турак жайдын жана 1 социалдык объектинин чатырын учуруп кетти. Бул боюнча ӨКМ бүгүн, 28-июнда билдирди.
Маалыматка ылайык, Аксы районунун Кербен шаарында, Кош-Дөбө жана Кара-Камыш айыл өкмөттөрүндө катуу шамал турак жайлардын чатырын учургандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, Мониторинг жана божомолдоо департаментинин адистери тактоо жумуштарын алып барууда.
Натыйжада 17 турак жайдын жана 1 социалдык объектинин чатырын шамал учургандыгы аныкталган. Жабыркагандар жок.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.