Жемиштер сакталат. Кадамжайда логистикалык борбор курулду









Кадамжайда жемиштерди сактоочу логистикалык борбор курулду. Анын курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган каражаттан 18 миллион 700 миң сом жумшалган.
Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү билдирип, аталган кампа августта пайдаланууга берилерин кошумчалады.
"Алдыда айланасын көрктөндүрүү, асфальт төшөө, жарыктандыруу жумуштары жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалат. Азык-түлүк сактоочу жайдын сыйымдуулугу 350 тоннаны түзөт. 5 адам жумуш менен камсыз болот", - дешти мекемеден.
Ошондой эле логистикалык борбордун жанына кыям өндүргөн муниципалдык ишкана да курулуп жатат. Аны күз айларына ишке берүү пландалган.
Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында курулган чакан ишкана үчүн жергиликтүү бийлик жер ажыратып берген. Жабдуулар менен камсыздоо жагы CASA 1000 долбоорунун алкагында АРИС тарабынан колдоо тапкан.
