super.kg logo

Ноокаттагы сел: Абшыр-Атада калган жарандар эвакуацияланууда

 

Кечээ, 28-июнда жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынан Абшыр-Атага бараткан жолдо сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Ал жакка Ноокат шаардык №71 ӨККБдан жана Кызыл-Кыя шаардык ӨКБдан 10 куткаруучу саат 22:50дө жетишип, издөө иштерин башташкан. Жеринде 65 куткаруучу иш алып барган.

Маалыматка ылайык, суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам суудан өтө алышпай калгандыгы аныкталган. Азыркы учурда жеринде куткаруу жана издөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, 28-июнда саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына сел суулары түшкөн.

Натыйжада 1 ички чарбалык көпүрөнү, №37 ЖТИге караштуу 1 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген. 7 адамды сел суулары агызып кетип, 5 адамдын жансыз денелери табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Буга байланыштуу Ноокат районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.






29.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: