ӨКМдин тик учагы Ноокатка учуп кетти (видео)

Белгилей кетсек, 28-июнда түштөн кийин жана 29-июнда таң эрте аба ырайы бузулуп, ашууларды булут каптап жабылганына байланыштуу тик учак учуусу токтотулган.
"Ал эми азыр аба ырайын турукташкан соң, тик учак жардамга жөнөтүлдү" деп билдиришти министрликтен.
Белгилей кетсек, 28-июнда Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына сел суулары түшкөн.
Натыйжада 33 турак үйдүн, 1 бала бакчанын короосун сел каптап, анын ичинен 7 турак үйдүн ичине сел кирген. 7 адамды сел суулары агызып кетип, 5 адамдын жансыз денелери табылган. Буга байланыштуу Ноокат районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.
29.06.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.