Кыргыз балбаны Аманат Самат уулу Азия чемпиону болду




Грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Аманат Самат уулу Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунда (U-23) алтын медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, спортчу мелдешке 67 килограмм салмак ченинде катышты.
Балбан кытайлык, сауд арабиялык, өзбекстандык, ал эми финалда казак балбаны менен кез келип, жеңишти камсыздаган.
Курама команда улук машыктыруучулар Рыскул Эгеев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.
29.06.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.