super.kg logo

Абшыр-Ата жайлоосунан тик учак менен дагы алты адам эвакуацияланды

 
Бүгүн, 29-июнь саат 19:30да тик учак менен дагы 6 адам Ноокат районунун Абшыр-Ата жайлоосунан эвакуацияланды. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.
Маалымдалгандай, алардын экөө аял, үчөө эркек киши жана бирөө жаш бала. Алар тик учак менен коопсуз жайга жеткирилген. Дарыгерлер аларды кароодон өткөрүп, тийиштүү жардам көрсөтүшүүдө.
Буга чейин Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 1300дөн ашуун адам эвакуацияланганы кабарланган. Акыркы маалыматтарга ылайык, Ноокат районунда катталган селден алты адам каза болгону кабарланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: