super.kg logo

Ноокатта селге аккан мал жандыктардын саны 33кө жетти

 

Ноокат районунда сел агызган 33 баш мал жандыктын өлүктөрү табылып, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык атайын чуңкурчаларга көмүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Кабарга ылайык, аталган иштерге Ноокат райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынын 8 инспектор, 12 ветеринардык адис, 6 унаа тартылган.

Өлгөн мал жандыктар төмөнкү айылдардын табылган:

  • Н.Исанов айыл аймагынан 3 баш ири мүйүздүү мал;
  • Кеңеш айыл аймагынан 1 баш ири мүйүздүү мал;
  • Мирмахмудов айыл аймагынан 1 баш жылкы;
  • Гулистан айыл аймагынан 2 баш ири мүйүздүү мал, 13 баш майда жандык (кой-эчкилер);
  • Жаңы-Ноокат айыл аймагынан 4 баш ири мүйүздүү мал;
  • Көк-Жар айыл аймагынан 4 баш ири мүйүздүү мал;
  • Кулатов айыл аймагынан 5 баш ири мүйүздүү мал.

"Тиешелүү адистер тарабынан дагы тактоо иштери уланууда, кошумча маалымат берилет" дешти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: