Гүлнура Таштанбекова Азия чемпиону болду

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, спортчу мелдешке 72 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Ал биринчи айлампада индиялык балбанды 7:0 эсебинде утту. Кийин казакстандык, ал эми финалда өзбекстандык Светлана Окназарованы 10:0 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону аталды.
Эске салсак, буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча чейин Нурзат Нуртаева 68 килограмм чейинки салмакта алтын медалга ээ болсо, Кайыргүл Шаршебаева 76 килограмм салмакта күмүш медалга жана Арууке Кадырбек кызы 55 килограмм чейинки салмакта коло медалга ээ болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.