Жапаров бүгүн Ноокат районуна барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 30-июнда Ноокат районунда сел жүргөн аймактарга барат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жырыялады.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Ноокат районунда 28-июнда катталган селдин кесепетинен каза болгондордун саны сегиз кишиге жетти. Алардын арасында экөө аял киши, алтоо өспүрүмдөр экени айтылды.
Айыл чарба министрлиги билдиргендей, сел агызган 33 баш мал жандыктын өлүктөрү табылып, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык атайын чуңкурчаларга көмүлгөн.
Учурда аталган аймакта селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.