Өзүн блогер деп тааныштырган. Ошто акча опузалоого шектүү аял кармалды



Ош шаарында акча опузалоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул боюнча Ички иштер министрлиги бүгүн, 30-июнда билдирди.
ИИМ тактагандай, 29-июнда облустук милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүн блогер деп тааныштырган Ж.Г., аттуу аял акча опузалап жатканын маалымдаган.
Текшерүүдө Кара-Суу районунун 31 жаштагы тургуну Ж.Г. арыздануучудан ушул жылдын март айынан тартып "социалдык баракчаларыма сиз жетектеген кызмат жөнүндө терс көрүнүш чагылдырамын" деп коркутуп, бир нече жолу акча алганы жана IPad талап кылганы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренисинин (опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон.
Шектүү 50 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.