Капчыкта 9 медаль. Грек-рим күрөшү боюнча курама Азия чемпиондугунда 2-орунду ээледи

Жеңишке жеткен спортчулардын тизмеси:
Аманат Самат уулу (67 килограмм), Асан Жанышов (87 килограмм) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 килограмм) алтын медалга ээ болушту.
Артык Орозбеков 130 килограмм чейинки салмакта 2-орунду ээледи.
Азамат Камилжан уулу (55 килограмм), Акыл Сулайманов (60 килограмм ), Адилхан Нурланбеков (72 килограмм), Алибек Бердиев (77 килограмм) жана Бекзат Орункул уулу (82 килограмм) коло медаль тагынды.
Курама команда улук машыктыруучулар Улукбек Карачолоков , Арсен Эралиев жана Рыскул Эгеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.