"Эрдикти баалайбыз". Интернетте куткаруучуларга ыраазычылык айтылууда





Социалдык тармактарда сел жүргөн Ноокат районунда издөө-куткаруу иштерине тартылган куткаруучуларга ыраазычылык айтылып жатат.
Анда интернет колдонуучулары ӨКМ кызматкерлеринин жарандарды эвакуациялоо учурунда тартылган сүрөттөрүн бөлүшүп, ыраазычылык сөздөрүн жазышууда.
ӨКМдин акыркы берген маалыматына таянсак, Ноокаттагы селден каза болгондордун саны тогуз кишиге жетти. Учурда аталган аймакта селдин кесепеттерин жоюу жана үйлөрдү тазалоо иштерин уланып жатат. Ага бүгүн, 30-июнда жалпы 450 адам тартылганы айтылды.
Маалымат үчүн: 28-июнда Ноокаттын Абшыр-Ата айылында сел жүргөн. Кечээ, 29-июнда Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 1300дөн ашуун адам коопсуз жайга чыгарылды.
Ноокат районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.
