Чукул билдирүү! Жакынкы бир саат аралыгында Чүйдө катуу шамал күтүлөт
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат.
Ошондой эле кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз “112” кызматына чалып, жардам сурасаңыз болорун эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.