Франция менен Швейцарияда нөшөрлөгөн жамгыр жана бороон беш кишинин өмүрүн алды
Франция менен Швейцарияда болгон туруксуз аба ырайы беш адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, Франциянын түндүк-чыгышында катуу шамалдан улам бак кулап, 4 адам бар унааны басып калган. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болуп, бир жүргүнчү оор жаракат алган.
Ал эми Швейцариянын түштүк-чыгышында нөшөрлөгөн жамгырдан жер көчкү жүрүп, эки адам каза болгон. Дагы бирөө изделүүдө.
Ошондой эле өлкөнүн Печче шаарында аба ырайынын туруксуздугунан улам футбол оюнуна келген 300дөй адам эвакуацияланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.